«Жолугууга шарт түзүп берем»: ЖАМК жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды
Чүй облусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №19 мекемесинин жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-августта УКМК ЖАМКтын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1982-жылы туулган майор Ж.М.Ж. кармалган.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча шектелүүдө.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүү 2025-жылдын февраль айынан бери соттолгон адамдын жакын туугандарынан телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жолугушууга шарт түзүп берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылып келген.
Акча каражаттары «MBANK» мобилдик тиркемеси аркылуу которулуп турганы аныкталган.
Кармалган Ж.М.Ж. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда. Анда алынган акчанын жалпы көлөмү, мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка мүмкүн болгон эпизоддору жана окуяга тиешеси бар адамдар аныкталууда.