ЖОЖдорго кабыл алуу 10-августка чейин беш этап менен өтөт

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 175

2026–2027-окуу жылына жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү 13-июлда башталат. Бул тууралуу КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу беш негизги тур менен жүргүзүлөт.

Кабыл алуу турларынын графиги төмөнкүдөй:

  • биринчи тур — 13-июлдан;
  • экинчи тур — 20-июлдан;
  • үчүнчү тур — 27-июлдан;
  • төртүнчү тур — 3-августтан;
  • бешинчи тур — 10-августтан.

Ар бир турдун жүрүшүндө абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандаган жогорку окуу жайында окууга макулдугун ырастоо этаптары өткөрүлөт.

Эгер бешинчи турдан кийин бюджеттик же контракттык орундар бош калса, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу уюштурулат.

Министрликтин маалыматына ылайык, документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Ал эми искусство жана дене тарбия багыттарын тандаган абитуриенттер үчүн белгиленген тартипте кошумча чыгармачылык жана атайын сынактар өткөрүлөт.

Министрлик абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн мөөнөттөрүнө өзгөчө көңүл буруп, окууга макулдугун автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу өз убагында ырастоого чакырды.

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 175
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X