ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу башталды
Бүгүн, 19-январда, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуунун 3-туру башталды. Бул боюнча маалымат «Абитуриент online» сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 3-турдагы кабыл алуу 21-январда жыйынтыкталат. Ошондой эле төртүнчү тур айдын аягына чейин созулат.
Эске салсак, жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.