ЖРТнын «Алтын сертификат» ээлерине Президенттин сыймыгы сертификаттары тапшырылды
Бүгүн, 21-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун атынан 2026-жылдагы Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөргө «Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы» сертификаттарын тапшырды.
Салтанаттуу иш-чарага 54 «Алтын сертификаттын» ээси жана ЖРТда жогорку упай алган аймактардан келген 20 бүтүрүүчү катышты.
Адылбек Касымалиев Президенттин куттуктоосун окуп берип, «Алтын сертификаттын» ээлерин өлкөнүн интеллектуалдык сыймыгы жана келечеги экенин белгиледи. Ал жетишкендик окуучулардын эмгеги, ата-энелердин колдоосу жана мугалимдердин салымы менен келгенин айтты.
Белгиленгендей, «Алтын сертификат» анын ээлерине Кыргызстандын жогорку окуу жайларына мамлекеттик гранттын негизинде окууга тапшырууда артыкчылык берет.