Жумгал районунда мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды
Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чаек айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштагы 0,21 гектар жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды.
Прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 10 миллион 830 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси мамлекетке, тактап айтканда муниципалдык менчикке кайтарылып берилди.
Учурда жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча көзөмөл иштери улантылууда.