Жумгал районунда жаңы «Ак-Улак» көмүр кенин ачуу пландалууда
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сүйлөшүүлөргө президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Жумгал районунун акими Адыбек Набиев, «Кыргызкөмүр» жана «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканаларынын жетекчилери катышты.
Министр Ибраев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна болгон иш сапарында «Ак-Улак» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча «Кыргызкөмүр» менен «ОсОО Shanci Coal Investment Group LLC» компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөнүн жана аталган компания учурда өз ишин баштоого даяр экенин билдирди.
Жыйындын катышуучулары «ОсОО Shanci Coal Investment Group LLC» компаниясынын өкүлү менен биргеликте «Ак-Улак» көмүр кенин иштете турган жерге барып, жеринде маалымат алып бир катар маселелерди талкуулашты.