Жумгал районундагы Эпкин — Баш-Кууганды жол тилкесин кытайлык компания курат
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Тактап айтсак, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Эпкин — Баш-Кууганды тилкесин салуу боюнча тендерди кытайлык China Railway компаниясы утуп алган. Жол тилкеси 70 чакырымды түзөт. Жумгалдыктар буга чейин бир канча жолу нааразычылык акциясына чыгып, жолду тез-арада бүтүрүүнү талап кылышкан. Алар менен Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жолуккан. Бул жол тилкени куруу үчүн тендерди кытайлык компаниядан мурда италиялык компания утуп алган. Бирок, ишти аткаруу өтө солгун болгону айтылды.