Жумгалда медицина кызматкерине кол салууга шектелген жаран камакка алынды

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 105

Жумгал районунда медицина кызматкерине күч колдонууга шектелген жаран кармалып, соттун чечими менен камакка алынды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 2026-жылдын 27-июнунда Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүндө катталган.

Маалыматта айтылгандай, кызматтык милдетин аткарып жаткан медицина кызматкерине карата күч колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери улантылууда.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 105
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X