Жумгалда жергиликтүү бийликти чыңдоого 60 млн сом бөлүндү
Бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Жумгал районунун тургундары менен жолугушуп, жаңы маалыматтарды билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, райондогу жаңы түзүлгөн алты айыл өкмөткө жалпы 60 миллион сомго атайын техникалар сатылып алынып берилди. Ошондой эле ар бир айыл өкмөткө 10 миллион сомдон кошумча каржылык каражат бөлүндү.
Президент бул иш-чаралар административдик-аймактык реформанын биринчи этабынан кийинки иш-аракеттердин алкагында ишке ашып жатканын белгиледи. Анын максаты — айыл өкмөттөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу экенин кошумчалады.