"Эркин-Тоо"

Жумгалдык мугалимди дүйнөгө тааныткан режиссёр

Режиссёр Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” даректүү тасмасы Түркиянын Анкара шаарында өткөн “Түрк дүйнөсү” фестивалына катышып, башкы сыйлыкты багындырды. Сыйлыкты Чынгыз Айтматов кино үйүндө Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев өзү тапшырган. Улуттук онкология  борборунда онкогинеколог-радиолог, психолог болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан Ибадылла Ажибаев даректүү тасмасы жана режиссёрлук тууралуу өз оюн айтып берди.

Жашоого көзү каныккан адам гана режиссёр боло алат

  Жаш курагым улуу, бирок, эң жаш режиссёрмун. Сүрөт тартчу элем. Бир күнү сүрөтчү досум: “Киного тартылып жүрө бербей, өзүң тартып көр. Режиссёрлукту оку”, — деп сунуштады. Буга чейин кино тартууну окуса болот деп такыр ойлобоптурмун. Ал мени режиссёр Темир Бирназаровдун бир жылдык курсуна алып барды. Маектешүү учурунда: “Врач, психолог турбайсызбы. Жашыңыз да бир топко барыптыр. Сиз кино тарта аласыз. Чыгармачылык куржунуңуз толо. Кино тартуудан кыйналбайсыз”, — деген Темир Бирназаровдун сөзү мени абдан шыктандырды. Ооба, союз мезгилинде 25 жаштан кийин гана режиссёрлукка аттанышчу. Анткени адамдын жашоого көзү каныгыш керек. Ошентип бир жыл окуп, Нарын облусундагы Жумгал районунун Өрнөк айылынан “Фельдшер” даректүү тасмасын тарттым. Фельдшер аял ат менен айылдарды кыдырып, элдин ден соолугуна кам көрөт экен. Ошол даректүү тасманы тартып жүрүп Кең-Суу кыштагындагы мугалим көзүмө урунду. Анын адамгерчилиги, балдарга кылган мамилеси, айыл ичиндеги кадыр-баркы, мекенчилдиги жогору экен. Даректүү фильмге сонун каарман болчудай деп ойлодум. Борбордон таппаган каарманды алыскы айылдардан табасың.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!