Журналист Арзыгүл Галымбетова көз жумду

26-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 52

Акипрес агенттигинин Баткен облустук кабарчысы, журналист Арзыгүл Галымбетова көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Акипресс аггентиги жазды.

Маалыматка ылайык, журналист 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгон. Жакындарынын жана кесиптештеринин айтымында, ал 25-мартта кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылууда.
37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү бүгүн, өзү туулуп-өскөн Баткен шаарында 18:00дө жерге берилет.
Белгилей кетсек, ал 2010-жылдан бери АКИpress маалымат агенттигинин Баткен облусундагы кабарчысы болуп иштеп жаткан.
Арзыгүл Галымбетова Баткендин жетишкендиктерин, чечилбей келаткан маселелерин жазып турган. Кесиптештери өзгөчө анын чек ара маселелерин, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларында байма-бай көтөрүп келгенин белгилеп жатышат.

 

 

26-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X