Журналисттер арасында сынак жарыяланат!

14-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21

Айылдарды өнүктүрүү жана жакырчылыкты жоюу темасын чагылдыруу боюнча журналисттер арасында сынак жарыяланат.

Сынак КР Министрлер Кабинети,  Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан уюштурулууда.

Сынактын максаты: “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун ишмердиги тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу.

Сынакка телевидение, радио, маалымат агенттиктерде жана басылмаларда иштеген журналисттер катыша алат. Материалдар кыргыз же орус тилинде болуусу шарт жана бир тематикада жазылган материалдар сериясы артыкчылыкка ээ болот.

Тандоо талаптары:

  • Материалдын темага дал келүүсү;
  • Теманын актуалдуулугу жана тереңдиги;
  • Профессионалдык стандарттардын жана журналисттердин кесиптик этика нормаларынын сакталышы;
  • Материалдардын социалдык маанилүүлүгү жана өзгөчөлөнгөндүгү;

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкү белектер менен сыйланат:

1-орун– планшет

2-орун – букридер

3-орун – смартфон

Сынакка катышуу шарттары:

☑Материалды ММКда жарыялап (макала, аудио\видео материал)  РИССынак #КонкурсАРИС хэштегдерин жазуу.

☑Социалдык тармактарда @kgariskg баракчасын белгилөө.

Материалдын шилтемесин Сынактын жыйынтыгы 2021-жылдын 14-октябрында жарыяланат. Материалдар ушул жылдын 15-сентябрынан кабыл алына баштайт. Маалымат алуу үчүн тел.: 0703872466.

 «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктардагы аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X