Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев: Улуттук университет дүйнөлүк атаандаштыкка бет алды
Акыркы жылдары Кыргыз улуттук университетинде бир катар ири өзгөрүүлөр жүрүүдө. Дүйнөлүк банктын миллиондогон долларлык долбоорлору, аймактык окуу жайлардын кошулушу, жаңы жатакананын курулушу, дүйнөлүк рейтингдерге кирүү аракети жана жасалма интеллект доорунда билим берүүнүн келечеги тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев менен маектештик.
— Догдурбек Токтосартович, акыркы жылдары жогорку окуу жайларга эл аралык уюмдардан ири каражаттар бөлүнүп жатат. Бирок коомчулук арасында «миллиондор келди, анын пайдасын көргөн жокпуз» деген сындар да айтылып келет. Кыргыз улуттук университетине бөлүнгөн 3 миллион 200 миң доллар конкреттүү кайсы көйгөйлөрдү чечет?
— Өлкө боюнча беш жогорку окуу жайга жалпысынан 19 миллион доллар бөлүнгөн. Анын ичинен 3 миллион 200 миң доллары биздин университетке каралган. Бул каражат биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны жаңылоого жумшалууда. Азыр №6 окуу корпусундагы химия, биология, география жана экология багытындагы лабораторияларды заман талабына ылайыктап жатабыз. Дүйнөлүк банктын талаптарына ылайык приборлорду биз өзүбүз сатып албайбыз. Эл аралык процедуралар аркылуу жабдуулар тандалып, жеткирилип берилет. Биз болсо ошол жабдууларды орното турган аудиторияларга мүмкүн болушунча шарттарды түздүк.
Суу менен иштеген, газ менен иштеген татаал лабораториялык жабдуулар коюла турган бардык инфраструктура даярдалды. Бул долбоор көңүл сыртында кала турган иш эмес, анткени мурда студенттер көп нерсени китептен окуса, эми теория менен практиканы айкалыштырып, заманбап лабораторияларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
— Жаңылбасам Дүйнөлүк банк менен болгон бул долбоор көп жылдан бери айтылып келген эле. Эмне үчүн ушунча убакытка созулду?
— Анткени, бул мамлекеттер аралык деңгээлдеги чоң долбоор. Дүйнөлүк банк менен Министрлер Кабинетинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан кийин Жогорку Кеңеш ратификациялады. Каржы министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана университеттер үч тараптуу келишимге кол коюшту. Азыр бардык процедуралар бүтүп, тендерлер аяктап калды. Жакын арада жабдуулар келе баштайт.
— Нарын, Талас жана Баткен университеттерин КУУга кошуу чечими бир кезде кызуу талкуу жараткан. Айрымдар муну аймактык окуу жайлардын өз алдынчалыгын жоготуу деп да баалашкан. Бул кадам өзүн актадыбы?
— Менимче, бул чечим өзүн актап жатат. Биринчиден, Улуттук университеттин масштабы кеңейди. Экинчиден, аймактык окуу жайларды көтөрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мурда бизде 2 миңдин тегерегинде кызматкер, 30 миңге жетпеген студент болсо, азыр мугалимдердин саны 3 миңге жакындады. Студенттердин саны 45 миңден ашты.
Эң негизгиси, аймактардагы студенттер эми Кыргыз улуттук университетинин дипломун алышат. Бул алардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
— Бирок жаңы мүмкүнчүлүк менен кошо жаңы көйгөйлөр да жаралдыбы?
— Албетте. Азыр биздин негизги милдеттердин бири – студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгүн камсыз кылуу. Борбордогу студент эки айбы же бир семестрби аймакка барып окушу керек. Аймактагы студент Бишкекке келип билим алышы керек. Ошол эле окутуучулар дагы тажрыйба алмашуу зарылдыгын жаратууда.
Бизде 180ге жакын илимдин доктору, 570тен ашык илимдин кандидаты бар. Эми ошол күчтүү профессордук курамды аймактарга көбүрөөк жөнөтүүнүн аракетин көрөбүз.
— Сиздерге кошулган айрым окуу жайларда лицензия талаптары да одоно бузулган деген кептер бар. Ал кептин чындыгы барбы?
— Тилекке каршы мындай учурлар болду. Мисалы, айрым окуу жайларда 500–600 гана күндүзгү бөлүмдүн студенти окуса, сырттан окугандардын саны 1500дөн ашып кеткен. Бул лицензиялык талаптарга туура келбейт. Ошондуктан биз акырындык менен бардык процесстерди мыйзам талаптарына ылайыктап жатабыз.
— Акыркы эки жылдан бери университет дүйнөлүк рейтингдерге кирип жатат. Бирок коомчулукта «рейтингге кирген менен билимдин сапаты өзгөргөн жок» деген сындар айтылып келет. Бул сынга кандай жооп берет элеңиз?
— Рейтинг жөн эле кооз көрсөткүч эмес. Дүйнөлүк рейтингге кирүү үчүн университеттин илимий ишмердүүлүгү, академиялык көрсөткүчтөрү, эл аралык кызматташтыгы сыяктуу ондогон параметрлер текшерилет. Биз былтыр рейтингге киргенбиз. Быйыл ошол көрсөткүчүбүздү дагы жакшырттык. 106 мамлекеттен катышкан 9 миңге жакын университеттин арасында 1200–1400-орундардын аралыгында турабыз. Бул биздин дипломдордун баасын дагы көтөрөт. Бүтүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүгү дагы кеңейет.
— Бишкекке келген миңдеген студенттер үчүн эң оор маселе жатакана. Университет бул көйгөйдү канчалык деңгээлде чече алды?
— Бул чынында эң оор маселелердин бири. Азыр бизде төрт жатакана иштеп жатат. Жалпы 1200 орун бар. Бирок бул жетишсиз. Ошондуктан көп жылдан бери бош турган авариялык жатакананын ордуна жаңы көп функционалдуу комплекс куруп жатабыз.
— Көптөр аны жөн эле жатакана деп ойлоп жатат. Чынында кандай объект курулуп жатат?
— Бул жөн гана жатакана эмес. 16 кабаттуу заманбап комплекс болот. Биринчи кабатта музей жана студенттик ашкана жайгашат. Андан кийинки кабаттарда күнү-түнү иштей турган китепкана болот. Бир бурчунда балалуу студенттерге жана жаш мугалимдердин балдары үчүн 56 орундук бала бакча ачылат. Андан кийинки кабатында фитнес-зал жана медициналык борбор болот. Кийинки кабатына университеттин администрациясы жайгашат. 7-кабаттан 15-кабатка чейин 520 орундук жатакана болот. Ар бир бөлмөдө өзүнчө санузелдик түйүндөр орун алып, заманбап жатакана болот. Ошондой эле 16-кабатта чет өлкөлүк профессорлор үчүн мейманкана тибиндеги бөлмөлөр жайгашат. Анткени, чет мамлекеттен келген окумуштуулар мейманканаларга жайгашып, убаракерчилик тартып жатышат.
— Долбоордун баасы канча болду?
— Жалпы баасы 1 миллиард 379 миллион сомду түзөт. Президенттик фонддон жана университеттин өз каражатынан каржыланууда. Эгер бардык иштер график боюнча жүрсө, быйыл декабрь айында пайдаланууга берилет деп турабыз.
— Бир жагынан окуу акыларын көтөрбөйбүз дейсиздер. Экинчи жагынан сапаттуу билим берүү үчүн каражат керек деп жатасыздар. Бул карама-каршылык эмеспи?
— Чынында бул өтө татаал маселе. Айрым филиалдарыбызда контракт 30 миң сомдон башталат. Эми ойлоп көрүңүздөрчү, бала бакчага айына 15 миң сом төлөп жатышат. Бизде болсо айрым студенттер бир жылдык окуу үчүн 30 миң сом гана төлөшөт. Сапаттуу билимдин дагы өз баасы болушу керек. Бирок азыр мамлекеттин саясаты ушундай болгондуктан, кон-тракттар көтөрүлбөсүн деген мораторийди колдоп жатабыз.
— Абитуриенттер кайсы адистиктерге көбүрөөк келип жатат?
— Азыр IT багытына кызыгуу өтө чоң. Юриспруденция менен экономика бюджет жоюлуп кетсе дагы популярдуу бойдон калууда. Бирок мени ойлондурган нерсе – физика, химия, биология, география сыяктуу тармактарга кызыгуу аз болуп жатат. Өлкөгө эң зарыл адистердин бири – гидрологдор. Бирок биз атайын орун ачканыбыз менен былтыр студенттер аз келди.
— Демек, мамлекетке керек болгон адистиктер менен жаштар каалаган адистиктердин ортосунда айырма чоң болуп жатабы?
— Тилекке каршы, ошондой. Мисалы, чек арадагы аймактарда медиктер жетишпейт. Айрым жерлерде жөнөкөй медициналык кызмат көрсөтө турган адистер да жок. Ошондуктан биз аймактар үчүн зарыл болгон адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруп жатабыз.
— Жасалма интеллект дипломдук иштерден баштап рефераттарга чейин жазып берип жаткан учур. Университеттер жаңы доорго даярбы?
— Даяр болушубуз керек. Жасалма интеллект жакынкы 20–30 жылда билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн. Ошондуктан окуу программаларын жаңылап жатабыз. Бир жагынан студенттер маалыматты мурдагыдан тез таба баштады. Экинчи жагынан ой жүгүртүү, анализдөө жөндөмүн жоготуп алуу коркунучу бар. Ошондуктан биз билим берүүнүн жаңы моделдерин ойлонуп жатабыз.
— Иш берүүчүлөрдүн негизги сыны диплом бар, бирок иштей турган адис жок. Университеттер дагы эле теориядан чыга албай жатабы?
— Мындай көйгөй мурда да болгон, азыр да бар. Бирок акыркы жылдары иш берүүчүлөр өзү бизге келе баштады. Банктар кандай адистер керек экенин айтып жатышат. Мектептер мугалим сурап жатышат. Биз 4-курстун студенттерин окуу менен ишти айкалыштырышына аракет кылып жатабыз.
— Ректор болуп келгенде алдыга кандай максат койгон элеңиз? Бүгүн кайсы иштерди аткардым деп эсептейсиз, кайсы иштер дагы эле тынчтык бербей жатат?
— Биз акырындык менен чоң өзгөрүүлөрдү жасап жатабыз. Бирок, менин эң чоң кыялым –Кыргыз улуттук университетинин заманбап кампусун куруу. Эгер мамлекет шаардын сыртынан 30 гектар жер бөлүп берсе, дүйнөлүк деңгээлдеги студенттик шаарча түзүүгө болот. Бүгүн КРСУнун, АУЦАнын, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Мамлекеттик университеттер дагы ошол деңгээлде өнүгүшү керек. Эгер бүгүнтөн баштап ушул иштерди жасай алсак, 2030-жылдан кийин мамлекеттик университеттер дагы Борбор Азиядагы алдыңкы окуу жайлардын катарына чыгат деп ишенем.
Кенже Осмоналиева