Жыл башынан бери 2 906 жаран санаторий-курорттук дарылоодон өттү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар жарандарды санаторий-курорттук дарылоо менен камсыз кылуу иштерин улантууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата санаторий-курорттук дарылоодон 2 906 жаран өттү.
Алардын ичинен:
- I топтогу майыптыгы бар — 674 адам;
- II топтогу майыптыгы бар — 2 013 адам;
- III топтогу майыптыгы бар — 219 адам.
Белгиленгендей, санаторий-курорттук дарылоо майыптыгы бар жарандардын ден соолугун чыңдоого, реабилитациялык жардам көрсөтүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык колдоо чараларынын бири болуп саналат.