Жылдыз Эгенбердиева аутизм жана Даун синдрому бар балдарга өзүнчө бюджет бөлүүнү сунуштады

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Депутат Жылдыз Эгенбердиева аутизм жана Даун синдрому бар балдарды реабилитациялоо үчүн өзүнчө бюджет карап, 2027-жылга карата мамлекеттик программа иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал 12-октябрда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү аутизм менен ооруган балдардын саны жыл сайын көбөйүп жатканын белгилеп, Кыргызстанда аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдын абалына кызыкты. Анын айтымында, бул багытка өзүнчө каражат бөлүнбөгөндүктөн, балдар мамлекеттик колдоону толук ала албай жатышат.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев курулушу пландалган 42 жаңы оорукананын арасында мындай балдар үчүн реабилитациялык борборлор да каралганын айтты. Ошондой эле бул багытка өзүнчө бюджет бөлүнбөгөнүн, чыгымдар саламаттык сактоо тармагына жалпы каралган каражаттын эсебинен каржыланарын белгиледи.

Жылдыз Эгенбердиева бюджетти бөлүштүрүүдө коомдогу эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болгон бул маселеге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын билдирди. Ал аутизмди реабилитациялоодо АВА-терапия жана сенсордук терапия жетиштүү деңгээлде өнүкпөй жатканын белгилеп, бул кызматтарды жакшыртуу боюнча толук кандуу программа иштеп чыгып, 2027-жылдын бюджетине киргизүүнү сунуштады.

Буга жооп кылган Тилек Мамадалиев учурда Япония менен бул багытта кызматташтык жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, оорулардын алдын алуу максатында аялдарды кош бойлуу кезинен тартып текшерүүдөн өткөрүүнү камтыган мамлекеттик программа ишке киргизилерин маалымдады.

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X