Жылуулук тутумундагы авариялардын саны 87ден 63кө чейин кыскарды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерди. Ал №1 насостук станцияны жана 1985-жылдан бери жаңыртыла элек эски түтүктөрдү көрүп чыкты. Мэрге жылуулук системасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Ишкананын маалыматына ылайык, акыркы үч жыл ичинде жылуулук тутумундагы авариялардын саны 87ден 63кө чейин кыскарган.
“Көптөгөн түтүктөр жаңылоону талап кылат. Баарын бир учурда алмаштырууга мүмкүн эмес, иштер пландуу жүргүзүлүп жатат. Шаар тургундарынан түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз”, — деди мэр.
Ошондой эле шаар башчысы жаңыланган диспетчердик борбор менен “ZULU GIS” системасынын иши менен таанышты. Маалыматка ылайык, бул технология жылуулук тармагын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана техниканы GPS аркылуу башкарууга мүмкүндүк берет.