Жыргал Исмаилов Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Исмаилов Жыргал Рысбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.