Жыргалаң эл аралык деңгээлдеги лыжа курортуна айланат

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157
Ала-Тоо Резорт австриялык Doppelmayr компаниясы менен биргеликте Жыргалаң аймагында курула турган жаңы төрт асма аркан жолунун станциялары жайгаша турган жерлерди аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

2026-жылдын 25-февралында Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr ортосунда келечектеги курорттун инфраструктурасын кеңейтүү боюнча келишимге кол коюлган. Аталган келишимдин алкагында кошумча төрт асма аркан жолун куруу пландалууда.

Учурда тараптардын адистери Жыргалаңдагы келечектеги курорттун аймагында жаңы асма аркан жолдорунун станцияларын жайгаштыруу боюнча техникалык жана инженердик изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул долбоор тоо лыжа инфраструктурасын ири масштабда өнүктүрүүгө багытталып, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап асма аркан жол системасын түзүүнү көздөйт.

Маалыматка ылайык, жыл соңуна чейин дагы төрт жаңы асма аркан жол линиясы курулуп, жыл бою иштей турган тоо курортун өнүктүрүүнүн кийинки этабы ишке ашырылат.

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X