Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун алкагында жаңы асма аркан жолдорунун курулушу башталды

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 273

Жыргалаң өрөөнүндө жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластерин өнүктүрүү иштери уланууда. Долбоордун алкагында дагы төрт жаңы асма аркан жолунун курулушуна расмий түрдө старт берилди.

Бул тууралуу тиешелүү ишкана маалымдап, 2-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жаңы асма аркан жолдорунун пайдубалын түптөө аземине катышканын билдирди.{{ item.title }}

Маалыматка ылайык, заманбап асма транспорттук инфраструктураны куруу иштери дүйнөлүк деңгээлдеги лидер компаниялардын бири болгон Doppelmayr тарабынан ишке ашырылууда. Бул компания асма аркан системаларын долбоорлоо жана куруу жаатында эл аралык тажрыйбага ээ.

Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун курулуш иштери башталды:

— A линиясы – 461 метр
— C линиясы – 758 метр
— E линиясы – 2 552 метр
— X линиясы – 242 метр

Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин, биринчи этаптагы асма аркан жолдорунун жалпы узундугу 8 чакырымдан ашары күтүлүүдө. Бул Жыргалаң аймагын жыл бою иштей турган заманбап туристтик борборго айландырууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X