Жыргалаңдагы асма аркан жолдорунун курулушу бүттү

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138
Ала-Тоо Резорт компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов Жыргалаңдагы В1 жана В2 асма аркан жолдорунун курулушу толугу менен аяктаганын көчмө жыйында билдирди.

Жыйындын алкагында курулуш иштеринин учурдагы абалы менен таанышуу жүргүзүлүп, жаңы курулган асма аркан жолдору тесттик режимде иштетилип көрсөтүлдү.

Мындан тышкары унаа жолдорунун курулушу, Боз-Учук – Жыргалаң унаа жолуна асфальт төшөө, аймакты электр энергиясы менен камсыздоо, ошондой эле инженердик жана тейлөөчү инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашыруу иштерин ыкчамдатуу жана белгиленген мөөнөттөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X