Жыргалбек КУРМАНБЕКОВ, КРнын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын директору: «АЛИМЕНТ ӨНДҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ»
Алимент маселеси – коомдогу эң курч социалдык темалардын бири. Балага карата материалдык жоопкерчилик мыйзам менен бекемделгенине карабастан, төлөмдөрдөн качкан учурлар дагы деле кездешүүдө. Бул багытта бүгүнкү күндөгү абал, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу КРнын башкы прокуратурасына караштуу сот аткаруучулар кызматынын директору Жыргалбек Курманбеков менен маектештик.
— Жыргалбек мырза, бүгүнкү күндө өлкөдө алимент өндүрүү боюнча абал кандай?
— Азыркы учурда алимент боюнча жалпысынан 6720 аткаруу өндүрүшү каралууда. Анын ичинен 1543 өндүрүш толук аткарылды. Тилекке каршы, төлөмдөн атайылап качып жүргөн жарандар да бар. Учурда 2543 жаран алимент төлөбөй жүрөт, алардын ичинен 1204 жаранга издөө жарыяланган. Издөө иштери ички иштер органдары менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Жалпы өндүрүүгө тийиш болгон каражаттын суммасы 2 млрд 304 млн сомду түзөт. Бул чоң сумма жана ар биринин артында балдардын укугу турат.
— Алименттен качкан жарандарга кандай чаралар колдонулууда?
— Биз бул багытта мыйзам чегиндеги чараларда мыйзамды күчөтүү демилгесин көтөрдүк. Тиешелүү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилди. Азыркы мыйзамга ылайык айып пул салуу чарасы каралган. Бирок, жаңы сунушта 3-7 күнгө чейин Административдик камакка алуу мүмкүнчүлүгү киргизилүүдө. Эгер бул чаралар дагы натыйжа бербесе, анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 178-беренесине ылайык 3 жылга эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралган. Мындан тышкары, төлөбөгөн жарандардын банк эсептерине жана мүлкүнө арест коюлуп, өлкөдөн чыгууга чектөөлөр киргизилет.
— Электрондук система аркылуу алимент өндүрүү мүмкүнчүлүгү барбы?
— Учурда аткаруу өндүрүштөрүнүн айрымдары электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бирок бардык мамлекеттик органдар толук санариптештириле элек. Айрым учурларда кагаз түрүндөгү сурамдар колдонулуп жатат. Жакынкы арада жаңы автоматташтырылган система ишке кирет. Ал бардык аткаруу өндүрүштөрүн бирдиктүү базага топтойт жана мамлекеттик органдар менен интеграция жүргүзүлүп, биз суроо талаптарыбызды ыкчам түрдө алып турабыз.
— “Түндүк” системасына киргизүү иштери кандай жүрүүдө?
— Бул багытта тиешелүү иштер жүрүп жатат. “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алмашуу жана төлөм жүргүзүү механизмдери ишке ашырылат. Эгерде жарандар алиментти дароо төлөөгө даяр болсо, система аркылуу төлөм жүргүзө алат. Бул процессти жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.
— Узак жылдар бою төлөбөй жүргөндөр боюнча кандай иштер аткарылууда?
— Тилекке каршы, 5-10 жыл бою алимент төлөбөй жүргөн жарандар бар. Алар боюнча прокуратура жана ички иштер органдары менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө. Эгер жаран алимент төлөбөсө, анын эсептерине жана мүлктөрүнө арест коюлат, өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилет. Зарыл учурда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Көпчүлүк учурда ушул чаралардан кийин жарандар, төлөмдөрүн төлөп башташат.
— Сот аткаруучулар кызматынын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жана алимент боюнча чаралар тууралуу айтып берсеңиз?
— 20 жылдан ашык сот аткаруучулар департаменти өз алдынча түзүм катары иштеп келген. 2025-жылдын 1-июлунан тартып сот аткаруучулар апробациялык режимге өтүп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өттү. Бул өзгөрүүлөрдөн кийин талаптар күчөтүлүп алимент өндүрүү боюнча көзөмөл бекемделди. Эгер соттун чечими менен ай сайын төлөнүүчү алимент белгиленген болсо, бирок жаран белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, карыз суммасы так эсептелет. Маселен, ай сайын 9-15 миң сом төлөп келатып, жарым жыл төлөбөй койсо, жогоруда айткандай банк эсептерине жана мүлктөрүнө арест коюлат, өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилет. Мындан ары дагы төлөбөй койсо материалдар Ички иштер органдарына өткөрүлүп берилет. Бул учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 128-беренеси боюнча юридикалык баа берилет.
— Ата укугунан ажыратуу үчүн сөзсүз түрдө алимент боюнча сотко кайрылуу зарылбы?
— Ата- энелик укуктан ажыратуу маселеси алимент өндүрүүдөн өзүнчө каралат. Алимент – бул баланын материалдык камсыздоосуна байланыштуу милдеттенме. Ал эми ата-энелик укуктан ажыратуу, бул сот тарабынан чечилүүчү процесс. Эгерде ата-эне баланы тарбиялоодон, багуудан баш тартса, узак убакыт бою байланышпаса, анда сотко ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча өзүнчө доо арыз менен кайрылууга болот.
Чынара КАЛМАТОВА