Жыргалбек Медетканов Курулуш министринин орун басары болуп дайындалды
Медетканов Жыргалбек Баатырбекович Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кол койду.
Жыргалбек Медетканов буга чейин министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматын аркалап келген. Анын курулуш тармагындагы эмгек жолу 2008-жылы инженер адиси болуп башталган.
Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басарынын кызматын Талантбек Иманакун уулу аркалап келген. Тиешелүү чечимге ылайык, ал аталган кызматтан бошотулду