"Эркин-Тоо"

Зиядин Жамалдинов Ош филармониясынын жетекчисине бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 16-мартта президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору Алишер Тоотаевди кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө филармониянын директору аткарылып жаткан жумуштары, мекеменин көйгөйлөрү жана алдыдагы пландары менен тааныштырып, маалымат берди.

Облус башчысы жаңы дайындалган жетекчини бир катар милдеттерди аткарууга милдеттендирди:

— КР президентинин “Нарктуулук жөнүндө”, “Инсандын руханий адеп-ахлагы жана дене тарбиясын чыңдоо”, “Кыргыз жараны” концепциясынын алкакгында маданий иш-чараларды жер-жерлерде өткөрүүнү колго алуу, облустун калкын маданий жактан эс алуусун уюштуруу максатында гастролдорго чыгууну уюштуруу;

— Ош облустук филармониясынын чыгармачыл жамаатынын профессионалдык чеберчилигин өркүндөтүү максатында тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүү (кадрлардын чыгармачыл маданий жактан өсүп өнүгүүсүнө шарттарды түзүү, облустук, республикалык, эл аралык конкурстарга катышуусун камсыз кылуу ж.б.);

— Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын ремонт иштерин жана тышкы фасадын иретке келтирүү жумуштарына көнүл буруу;

— Элдик фольклордук, эл аспаптар оркестрлеринин ишин мындан ары да жандандыруу;

— филармониясынын кызматкерлеринин патриоттулукка үндөө, ата-энени, мекенди сүйүү, ата журтту даңазалоо, элибиздин ынтымагын арттыруу багытында репертуарларын жаңылоо;

— Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Н.Исановдун 80 жылдыгына карата Ош жергесинде өтүүчү республикалык иш-чараларга активдүү катышуу;

— Облустук жашоочуларын маданий жактан эс алуусун уюштуруу максатында 2023-жылга сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!