ЗОМБУЛУКТУН БИР ТҮРҮ – КИБЕРКОРКУТУУ

Өлкөдө биринчи жолу майда же орточо кылмыш жасаган өспүрүмдөр менен иштөөнүн жаңы тартиби киргизилүүдө. Президент Садыр Жапаров балдарга байланыштуу Кылмыш‑жаза кодексинин жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мыйзамга карама-каршы келген жоболорун толугу менен жаңыртуучу мыйзамга кол койду.

Эми, эгерде бала биринчи жолу майда кылмыш жасап, күнөөсүн мойнуна алса, ага каршы кылмыш иши сотко берилбейт. Анын ордуна жашы жете элек бала атайын программадан өтөт. Бул чаралар келишим менен бекемделет. Эгерде бала шарттарды аткарса, иш соттуулугу жок токтотулат. Эгерде бала келишимди бузса, прокурор чараларды өзгөртүп, программаны узартып же баланы четтетүү чечимин толугу менен жокко чыгаруу жана ишти кадимки кылмыш ишине кайтаруу укугуна ээ болот. Тергөөчүлөр болсо балдар жасаган кылмыштарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүп, ар бир бала үчүн милдеттенмелердин тизмесин түзүшү керек болот. Мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөөгө укук коргоо органдары жана балдарды коргоо кызматтары жооптуу болот. Ал эми жабырлануучулар компенсация алуу укугун сактап калышат. Жабырлануучуга компенсацияны ата-эне төлөп берет.

Азыр коом өзгөрдү. Муундар алмашып, балдар заманга ылайыкташып, мурдагы жашоонун, турмуштун эрежелери, тарбиясы көп натыйжа бербей, иштебей калган убак. Ушул учурда көпчүлүк психологдор өспүрүмдөргө таасир берүү жана аларды тарбиялоонун ыкмаларынын үстүндө иштеп жаткан кез. Анткени, балдар арасындагы жүрүм-турумда көп туура эмес жагдайлар орун алып, ал күчөп баратат.

Алсак, 2025-жылдын 10 айында Кыргыз Республикасында мектеп рэкетинин 27 учуру катталган. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын координациялоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова билдирди. Анын айтымында, бул учурлардын 17си мезгил-мезгили менен опузалап акча талап кылган бир жашы жете элек бала тарабынан жасалган. Салыштыруу үчүн алсак, 2024-жылы республикада жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын арасында опузалап акча талап кылуунун сегиз учуру, ал эми 2023-жылы алты учур аныкталган. Жалпы 3000ге жакын өспүрүм профилактикалык көзөмөлгө алынган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы 14 жаштан 17 жашка чейинки 188 бала, 18 жаштан 24 жашка чейин 984 жаран сот жообуна тартылган.

Ушул жылдын башында да чуулгандуу окуялар катталып, окуучулардын өлүмүнө алып барган учурлар болду. Андыктан Бишкекте кыргыз мектептериндеги зомбулук боюнча изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары жакында ачыкка чыкты. Анда зордук-зомбулуктун эң кеңири таралган түрү деп — мектеп рэкети табылган. Андан кийинки орунда коркутуу турат. Айрыкча психологиялык жана физикалык коркутуулар көп орун алып, топтук негизде болуп жатканы аныкталган. Бул коркутуулар жабырлануучуга үстөмдүк кылууга, аны кемсинтүүгө жана социалдык жактан обочолонтууга багытталганы изилдөөдө айтылды. Андан кийинки орун киберкуугунтукка берилди. Тилекке каршы бул зомбулуктун жаңы түрү. Киберкуугунтук онлайн жана медиа платформалар аркылуу жүргүзүлөт. Онлайн коркутуулар жана компроматтык сүрөттөр, видеолор мектепке таратылып жайылтылган учурлар акыркы убакта көбөйгөн.

2025-жылдын августунан октябрына чейин өлкө боюнча 50 мамлекеттик мектепте жүргүзүлгөн изилдөө мектептеги зомбулук туруктуу жана кеңири таралган көйгөй экенин тастыкталыптыр. Изилдөөнү жүргүзгөн эксперт Чолпон Акматова бул документ өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү эмес экендигин белгиледи. Бирок, көзөмөлдүн бүтүндөй республика боюнча жүргүзүлүп турушу керектигин зарылчылык катары белгилеген.

 Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X