Зыяндуу шартта иштегендерге эрте пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңейиши мүмкүн
Министрлер Кабинети зыяндуу жана оор шартта эмгектенген кызматкерлер үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укук берген тизмени жаңылоону сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, “Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү тизмелерди, өндүрүштөрдү, жумуштарды, кесиптердин кызмат орундарын жана көрсөткүчтөрдү бекитүү жөнүндө” токтом долбоору жаңы редакцияда иштелип чыгып, өлкөнүн жаңы Эмгек кодексине шайкеш келтирилүүдө.
Маалыматка ылайык, 1996-жылдан бери колдонулуп келген эски тизмелер кайра каралып, айрым кесиптер кошумчаланат. Натыйжада зыяндуу жана оор шартта иштеген кызматкерлердин бир бөлүгү мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн.
Долбоордо өзгөчө Токтогул ГЭСи жана Бишкек ЖЭБи сыяктуу стратегиялык объекттерде иштеген 66 кызмат ордун жеңилдетилген пенсия берүүчү тизмеге киргизүү сунушталган.
Минкабдын маалыматына караганда, бул объекттерде эмгектенген кызматкерлер жогорку ызы-чуу, температуранын кескин өзгөрүшү, нымдуулук жана зыяндуу буулар сыяктуу оор шарттарда иштешет.
Токтом долбооруна ылайык, жеңилдетилген пенсияга укук берүүчү эки негизги тизме бекитилет. Биринчиси — жер астындагы жана өзгөчө зыяндуу шарттагы жумуштар үчүн, экинчиси — зыяндуу жана оор эмгек шарттарындагы кызматтар үчүн каралган.
Эгер сунуш колдоо тапса, мындай шартта иштеген кызматкерлердин эмгек стажы атайын стаж катары эсептелип, аларга эрте пенсияга чыгууга шарт түзүлөт.
Мындан тышкары, токтом долбоорунда иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги да белгиленген. Анда ишканалар менен уюмдардын жетекчилерине жумуш орундарын аттестациядан өткөрүү, эмгек шарттарын жакшыртуу, жеңилдетилген пенсияга кирген кызматкерлердин так тизмесин аныктоо жана алардын стажын өзгөчө стаж катары эсепке алуу милдети жүктөлөт.
Белгилей кетсек, токтом долбоору 21-майга чейин коомдук талкууда болот.