Үгүт маалында диний уюмдун өкүлдөрүнө шайлоо иштерине катышпоо эскертилди

25-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Коом 18

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров диний кызматкерлерге алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкерлердин үгүт иштерине катышпоону жыйында учурунда эскертти.
Бүгүн, 2021-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде коюлган маселелер боюнча диний уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.
Тойгонбай Абдыкаров дин жаатындагы мамлекеттик саясатка токтолуп, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, дин кызматкерлери талапкерлердин үгүт иштерине байланыштуу иш-чараларга катыша албастыгын эскертип, ошондой эле бул жаатта катуу көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды берди.

25-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Коом 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X