Үй-бүлө институтун чыңдоочу борбор түзүлдү
Соңку беш жылда ажырашуулардын саны көбөйүп кеткен. Бул тууралуу Улуттук статистикалык кызмат билдирди. Ошондуктан Бишкек шаарында коомдук башталгычтагы «Бакыт ордо» борбору ачылды. Мында чоңдор жана балдар психологдору, этнотарбияны мыкты билген адистер, сексолог, гинеколог, уролог жана диний ишмерлер бирдикте комплекстүү кызмат көрсөтүшөт. Алар 16 саатка баткан бир курстук сабактарды иштеп чыгышкан. Кайрылган адамдар мына ушул окутуудан өтүшөт. Келечекте келин болчу кыздар, күйөө болчу жигиттер, кайненелер, кайнаталар менен иш алып барылат. Бул тууралуу «Бакыт ордосу» үй-бүлөнү чыңдоо борборунун түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов билдирди.