Өкмөт уюлдук телефондорду идентификациялоону сунуштады
Кыргызстанда уюлдук телефондорду идентификациялоого багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев парламенттин транспорт, коммуникация жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.
«Учурда Министрлер кабинети тарабынан уюлдук телефондорду идентификациялоого багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, өлкөгө алынып келинген ар бир телефон, ошондой эле интернетке туташтыруучу баардык каражаттар — мисалы модемдер идентификациядан өтөт», — деп белгиледи Догоев.