ӨКМ: Бир суткада өлкөдө 21 өрт кырсыгы катталды
КР ӨКМдин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, акыркы бир сутканын ичинде республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 26 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 2, Чүй облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 4, Ош облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 өрт кырсыгы катталган.
Ири өрт кырсыктары боюнча маалымат:
Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарында көп кабаттуу турак үйүндө батир күйүп кеткен.
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Красная-Речка айылында жалпы аянты 100 ч.м. болгон турак үй толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ош облусунун Араван районунда турак үй менен сарайдын 193 ч.м. чатыры жана 50 түк чөп күйгөн.
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ак-Баш айылында “Форд-Фокус үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.