"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

“ӨЛҮГҮҢДҮ КӨРӨЙҮН ОРОЗКУЛ, СЕНИ АЯБАЙ САБАБАДЫБЫ, КАНЧА ЖЫЛ УРДУ” ДЕП ЭЛ МЕНИ КӨПКӨ ЧЕЙИН АЯП ЖҮРДҮ”

“Санниктин жери”, “Мен Тянь-Шань”, “Эрте келген турналар”, “Ак кеме” кино тасмаларында өлбөс-өчпөс образдарды жаратып, эл сүймөнчүгүнө айланган актриса Назира Мамбетованы кимдер гана билбейт. Кыргыз искусствосуна болгон күчүн, эмгегин, 58 жылдык жашоосун арнаган Назира Мамбетова бүгүн да талбай иштеп, театр, кино тармагында үзүрлүү эмгектенүүдө. 80 жашка чамаласа да сүйүктүү иши менен алектенип, элине кызмат кылып келе жаткан эл артисти менен кино, театр, чыгармачылык жана жеке жашоосу боюнча азыноолак маектештик.

— Назира эже, “Курманжан датка” тасмасынан кийин сизди кино тармагынан көрбөй калдык. Акыркы жылдары театрга ооп кеткендейсиз, дегеле чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болууда?

— Туура айтасың, 2016-жылы “Курманжан датка” тасмасы чыкты. Албетте, бышкан ашка сынчы көп дегендей, сындагандар абдан көп болду. Ошолордун колуна камераны берип, сценарийди карматып, сен тартып көрчү десе, колунан эч нерсе келбейт. Бирок, ошончолук татаал сюжеттүү тасманы ченелүү каражат менен кино кылып жаратканга ыраазы болгондор да болду. Эми иш жүргөн жерде сөзсүз сын болот, ага таарынычтын зарылчылыгы жок. Андан бери 10 жылдай өтүптүр. 10 жыл ичи чынында өзүң байкагандай киного тартылган жокмун. Өткөндө “Өч” деген тасмага тартылдым. Каардуу кайын эненин образын бердим, элдер жакшы кабыл алып жатышат. 17-апрелде Алматы шаарында премьерасы болот. Бирок, театрда бир катар мыкты драмалар менен иштеп, сонун образдар жаралды. Маселен, драматург С.Раевдин “Суфлер” аттуу спектаклин койдук. Англияга фестивалга катышып, “Эң мыкты спектакль” номинациясын жеңип алдык. Мен “Эң мыкты актриса” наамына ээ болдум. Чынында ал жактагылар таң калуу менен кабыл алып, жогорку баасын беришти. Андан кийин Меңди Мамазаированын “Аппак аял айдай кыз” аттуу драмасын, Кайрат Иманалиевдин “Үмүт” аттуу спектаклин иштедик. “Үмүт” спектаклинин режиссеру Улан Карыпбаев болду. Бул спектакль бизде “Арт ордо” фестивалында 1-орунду жеңип алды, андан кийин Алматыдан, Өзбекстандан көрүүчүлөр таң калуу менен кабыл алып, театр сынчылары жогору баа беришти. Аталган пьеса менен Америкага бардык, ал жерден эми ыйлабаган киши калган жок. Азыр эми театрыбыз ремонтто, ремонт бүтсө кайрадан мыкты образдардын үстүндө иштейбиз. Театр босогосун 19 жашымда аттагам. Азыр 77 жаштамын, 58 жылымды өнөргө арнаптырмын. Ыраазымын, шүгүр келтирем. Бирок, мен жаратчу образдар дагы деле толтура, көксөөм кана элек, иштегим келет.

— Кайсыл жердин кызы болосуз, театр, кино дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз?

— Ысык-Көл облусунун Тамга айылында чабандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Мектепти аяктагандан кийин Фрунзеге келип, музыкалык-педагогикалык окуу жайынан 8 ай билим алдым. Ошол жылдары Москвадагы Театралдык институттан комиссия келип, бизди ырдатып, бийлетип артисттик шыгыбызды байкашты. Мен ошол сынактан өтүп кетип, 5 жыл Москвадагы Театралдык окуу жайда окудум. Балдар-кыздар болуп баш-аягы жыйырма бирибиз бүтүп келдик. Келгенде Өкмөт менен партия бизди Ош драма театрына жиберди. Ошондо Султан Ибраимов Ош драма театрын ачкан эле. Ошол жерде 22 жыл иштеп, «Эмгек сиңирген артист», «Эл артисти» жана бир топ наамдарга ээ болуп, бир нече кинолорго тартылдым. 22 жылдын ичинде менин чыгармачылыгым абдан жемиштүү болду. Эс алууну билбей, күнү-түнү иштээр элек. Ошол кезде Ош кыргыз драма театры союздагы эң алдыңкы театрлардан болчу. Классикадан баштап заманбап драмалык, айтор түрдүү жанрдагы пьесалардын үстүндө иштечүбүз. Андан кийин Ош драма театрына мени менен чогуу келген курсташтарымдын бардыгы турмуштун жагдайына жараша ар кимиси өз жерлерине кете башташты. Облуска караганда борбордо чыгармачылык изденүү көп болсо керек деген ой менен алдыма чоң максаттарды коюп, Бишкекке келдим. Бирок, тескерисинче бул жакта чыгармачылык абдан бош, салкын экен. Айтор, бул жакка көчүп келгени менин чыгармачылыгым Кудайга тобоо жок эмес, бирок салкыныраак болуп калды.

— Искусствонун дал ушул кино, театр тармагын тандап калганыңыздын себеби эмнеде?

— Бала кезде Фрунзеден, Нарындан же Ысык-Көл театрынан айылдарга барып концерт, спектакль коюшчу. Ошолорду аябай кызыгуу менен көрөөр элем. Өзгөчө «Фатима» деген кино бар эле, ошол киного таасирлендим окшойт. Кайсы элдин тасмасы экенин билбейм, бирок ушул кинону көргөндө делебем козголуп, киного тартылгым келип, сахнага чыккым келип, бул үчүн ар кандай жолдорду издечүмүн. Тагдыр, буйрук экен – сахнага чыктым. Ал эми ошол  сахнада кандай иштеп жатам, аны эл айтсын.

— Кино менен театрдын айырмасы кандай жана жүрөгүңүзгө кайсынысы жакын?

— Сахнада бир күнү туура эмес ойногонуңду экинчи күнү оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми кинодо камеранын алдында кандай ойноп берсең, ал кадрда калып калат. Дагы бир айырмачылыгы, сахнада эки саат спектакль койсоң, логикаң үзүлбөй аягына чейин ойнойсуң. Ал эми кинодо бир күнү бир эпизодго тартылсаң, ошол эле эпизоддун уландысына бир нече күндөн кийин тартылышың мүмкүн. Ошондуктан мурунку тартылган образыңды жоготпой, үзбөй улап ойноп кетишиң керек. Ушул жагынан алганда кино татаал. Ал эми мен мейли сахнада болсун, мейли кинодо болсун ошол ролго, ошол образга жакынмын.

— “Искусствонун арымдуусу да – кино, жарамдуусу да – кино” деген сөз бар эмеспи, ал эми сиз кандай мүнөздөйсүз?

— Мисалы, эл эң аягында гана келип жыйынтыкты көрөт. Ал эми биз күнү-түнү иштеп, кыйналып, изденип анан даяр болгон кинону же спектаклди көрүүчүлөргө тартуулайбыз. Иштин жүрүшү абдан чоң түйшүктү, мээнетти талап кылат. Өзгөчө образ табуу абдан оор. Ошол ролду башыңан өткөрүп, жон тери менен гана сезбесең, сөз менен айтып берүү татаал. Татаал образдардын үстүндө иштегенде тамак да ичпей калабыз. Жеке менин мындай учурда тамакка болгон табитим, уйкум жоголот. Биз киного тартылып жатканда же спектаклге даярданып жатканда көрүп калган кээ бир адамдар «ай-ий, силердин жумуш аябай эле кыйын турбайбы» деп калышат. Алар бир эле моментти, бир эле үзүмдү көрүштү да, ал эми биз бир образдын үстүндө айлап, жылдап иштейбиз да.

— Кинодо актер терс каармандын образын жаратса, эл ошол актерго терс көз карашта болуп, жаман көрүп калышат эмеспи. Сизде да ушундай болду беле, себеби «Мен Тянь-Шанда» үй-бүлөлүү адамды сүйүп калган Кадичанын образын жаратат эмессизби?

— Кинодогу Кадичадан айырмам, анда мен сүйүп да, турмушка чыгып да көргөн эмес элем. Ал киного Театралдык окуу жайда 4-курста окуп жаткан учурда тартылгам. Ошол ролго Наталья Аринбасарова, Таттыбүбү Турсунбаева үчөөбүздүн бирөөбүз тартылмакпыз. Буйрук экен, мени тандашты, тартылдым. Бирок эл ушунчалык терс көз караш менен кабыл алып, мени бир топко жектеп жүрүштү. Эмнеге андай кабыл алышты, мен түшүнбөйм. Бир жолу тамагым ооруганынан бейтапканага келдим. Дарыгер “ийне сайдыр, тамагыңды чайкат” деп медайымга жиберди. Ага келсем, мени жаман көзү менен карап чыгып кетти. Мен күтүп отурам, жок. Анан башка медайым келип ийне сайып, тамагымды чайкап берди. Ошентип ошол медайымдан ийне алып жүрүп, акыркы ийнемди алайын деп келсем, баягы мага ийне сайбай койгон медсестра келип «мен сизге атайын ийне сайбай койгом. Сизди Кадича деп жаман көргөм» дейт. Дагы бир жолу концерт коюп Ноокат районунун бир айылында жүрсөк, бир кыз «бул жерде менин чоң энем жашайт, жүрүгүлө чай ичип келебиз» деп калды. Барсак, төрдө бир байбиче отурган экен. Ага «апа, бул Назира эже, «Мен Тянь-Шань» деген кинону көрбөдүң беле, ошондо Кадичанын ролун ойногончу» деп эле жетине албай чоң энесине мен жөнүндө айтып кирди. «Ии, өлүгүңдү көрөйүн, бул бузуку катынды эмнеге ээрчитип келдиң» деп эле мени жаман көзү менен карап, баягы кызды урушуп кирди. Мен эмне кылаарымды билбей эле «кыздар, силер чай ичип келгиле, мен автобуста эле күтүп турайынчы» деп кетип калгам. Ушундай окуялар көп эле болот. Андан кийин «Ак кемеде» Бекейдин ролун жараттым. Көчөдөн көргөн адамдар деле “Орозкул канча жыл урду эле, кайсы жерге урду? Ой, өлүгүңдү көрөйүн Орозкул, ошондо сени жаман сабабадыбы» деп көпкө чейин элдер мага боору ооруп жүрүшпөдүбү. Элдин мындай мамилесинен кийин “ролумду элге жеткире алган турбайымбы” деп ойлоп калам.

— Үй-бүлөңүз жөнүндө айтсаңыз, “талант тукум кууйт” дешет, балдарыңыз сиздин жолду жолдодубу?

— Чыгармачылык – түйшүктүү иш да. Ошондуктан буга туруштук бере турган адамдар гана иштей алат. Ал эми бардык эле адамдар чыгармачылыктын түйшүгүнө, кыйынчылыгына туруштук бере албайт. Мен деле жаш кезимде ролдон ролго көчүп жүрө берип, жеке жашоомду унутуп коюпмун. Бир кыз, бир уулум, неберелерим бар. Балдарым чыгармачылыктан алыс.

— Коомдогу кайсы нерсе жүрөгүңүздү жылытып, кубанычка бөлөйт?

— Мени кубандырганы – Кыргызстаныбыздын өнүгүп-өсүп жаткандыгы. Шаарыбыз бир топ оңолуп калды. Кайсы жакты караба, оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Мына, биздин эле театрды айтсак, азыр Президентибиз  Садыр Жапаров баштан-аяк оңдоп берип жатат. Ошондой эле орус драмалык театры, жаштар театры оңдолду. «Манас» театры курулду. Өлкө башчынын маданий жайларга кылган мындай мамилеси, маданият адамдарынын эмгек акысын жогорулатып бергени сүйүнүчкө бөлөйт. Келечектен үмүтүбуз чоң. Жолдор салынып, социалдык объектилер курулуп жатат. Өлкө башчысы өз убадасын аткарып, өлкөнү өнүктүрүп жатканына абдан кубанып жүрөм.

— Дээрлик 60 жылдай жашооңузду киного, театрга, сахнага арнап, эмне таап, эмне жоготтуңуз?

— Жоготконум болбоду, тапканым көп болду. Өзүмдүн сүйүктүү кесибим менен иштеп, элдин сый-урматын таптым. Кайсы жерге барбайын элибиз сыйлап, урматтап, ыраазычылыгын билдирип турушат. Тааныганы да, тааныбаганы да жылуу учурашып, сыйдын үстүндө жүрөм. Бир гана нерсе – мени үй жагы кыйнайт. 80ге таядым, менин неберемдей балдар заңгыраган жакшынакай үйлөрдө жашашат. Менде, менде эле эмес мен сыяктуу чыгармачыл адамдардын андай үйдү сатып алууга чама-чаркы чак. Чыгармачыл адамдардын бир тобунун үйү жок. Өлкө башчыбыз ушуга көңүл буруп, аларды турак-жай менен камсыздоо жагын карап койсо деген илгери үмүт.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА