Өлкө аймагында 20 өрт кырсыгы катталды

22-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кырсык 32

Акыркы бир сутканын ичинде 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 куткаруучу бөлүмү тартылганын КР ӨКМнен билдиришти.
Маалымат боюнча, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы ар кандай себептерден улам чыккан.

Ири кырсыктар: Ак-Талаа районунун Кара-Ой айылында короодо “Honda Stepwagon” үлгүсүндөгү унаа толугу менен жана бак өрттөнгөн.

Ноокат району, Арбын айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 108 чарчы метр чатыры жана 430 түк чөп күйүп кеткен.

Баткенде 260 чарчы метр сарай толугу менен, 250 түк саман, 160 түк беде, 300 кг жүгөрү жеми күйгөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X