Өрт – тилсиз жоо

23-апрель, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

Үстүбүздөгү  2025-жылдын 4 ай ичинде Свердлов району боюнча 48 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 72 млн 058 216 сомду түздү.

Мисал келтирсек, 2025-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүнүн №257 дарегинде жайгашкан Кɵк-Сай базарында пластик эшик-терезе жасоочу цехинде өрт чыккан. Өрт электр чубалгыларынын кыска чыӊалуусунан келип чыккан. Ал тез тарагандыктан цехтин чатыры жана ичи толугу менен күйүп, жакын жайгашкан кампаларга өтүп,  48 млн 134 350 сомдук ири суммадагы материалдык чыгымдарга дуушар болушкан. Өрттүн кесепетинен 3 цех жана 2 кампа толугу менен күйүп кеткен.

Өрт учурунда ар дайым биринчи иш аракеттер эсиңиздерде болсун!

  1. Тезинен “101” телефон номуруна чалып, өрткө каршы кызматына дарегиңизди так айтып түшүндүрүп кабарлаңыздар жана өрткө каршы кызматкерлер келе жатканда алдынан тосуп алып, өрт болуп жаткан жерди көрсөткөнгө аракет кылыңыздар.
  2. Эгерде өрт жаңыдан башталып келе жаткан болсо, суу чачып өчүргөнгө аракет кылыңыздар же болбосо калың төшөнчөлөр менен чаап өчүрсөңүздөр болот жана ошондой эле кум же топуракты колдонсоңуздар болот.
  3. Эч качан токко сайылган бойдон күйүп жаткан электрприборлорун жана электрзымдарын  суу менен өчүрбөңүздөр, анткени бул өмүрүңүзгө өтө кооптуу.
  4. Эгерде өрттү өз күчүңүз менен өчүргөнгө көзүңүз жетпесе жана өрт тездик менен тарап бара жатса, анда ал бөлмөдөн тезинен чыгып кетиңиздер. Ошондой эле кичинекей балдар үйдө болгон учурда аларды атынан айтып чакырганда жооп бербесе, кылдаттык менен издеп чыгыңыз. Анткени кичинекей бала өрткө себепкер болсо, ал коркконунан жашынып калышы мүмкүн. Көбүнчө кичинекей балдар керебеттин алдына, терезе пардалардын артына, столдун астына, гардеробдо илинип турган кийимдердин артына жана башка көрүнбөгөндөй жерлерге жашынып алышат.
  5. Эгерде бөлмөнүн ичи түтүнгө толуп бара жатса, оромолду же шейшепти суулап алып, ошону менен бетиңерди жаап дем алып чыксаңыздар болот жана өрт болуп жаткан бөлмөнүн эшигин аба кирбегидей кылып жаап кетиңиз.
  6. Эгерде сыртка чыкканга мүмкүн болбой бара жатса, анда өзүңүз башка коопсуз бөлмөгө кирип эшикти катуу жаап терезенин жанына барып элдин назарын өзүңүзгө буруп, жардам сураңыздар.

Мураталы уулу Рысбек,

Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча

ӨКБнын өрт өчүрүү жана алдын алуу

бөлүмүнүн улук офицери, капитан

23-апрель, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X