"Эркин-Тоо"

ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 15нен 19-мартка чейинки аралыкта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу бар Бишкек-Ош унаа жолундагы тилкелер:

121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу);
198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14-чакырым (Өтмөк ашуусу);
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымында;
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу);
Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымында;
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50-74-86-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу);
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы сакталыгы керектигин эскертет.

Кырсык катталган учурда “112” бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!