ӨКМге 116 даана жаңы техника тапшырылды

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

Бүгүн, 23-февралда, Бишкектеги эски аянтта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын жана инженердик техниканын ачкычы тапшырылды.

Салтанатка Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттик Администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамырканов катышты. Өкмөт башчысы жаңы техникалар куткаруучулардын ишин жеңилдетип, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 676 миллион сомдон ашкан техникалардын басымдуу бөлүгү Дүйнөлүк банк каржылаган «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү (KG RESILAND)» долбоорунун алкагында алынса, калганы республикалык бюджеттен, Президенттик фонддон, донорлор тарабынан жана «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК менен КР ӨКМдин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде алынды.

Жаңы автопаркка экскаваторлор, бульдозерлер, автокрандар, (манипуляторлор, жүктөгүчтөр) жүк ташуучу унаалар, атайын техникалар (миксерлер, кар унаалар), ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүчү унаалар кирет.

Алар ӨКМдин аймактык, түзүмдүк жана ведомстволук мекемелерине өткөрүлүп берилет.

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X