"Эркин-Тоо"

Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 15 жаштагы бала кармалды

Өзгөн районунда 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 15 жаштагы өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 14-март күнү милицияга Өзгөн шаарынын тургуну 38 жаштагы Д.Х. (аял киши) арыз менен кайрылган. Арызында ал жаш кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганын билдирген.

Анын арызы Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, кылмыш иши козголгон. Ал эми, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көрүлгөн кечиктирилгис ыкчам- тергөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын тургуну 2007-жылы туулган А.О. аттуу жаран кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!