"Эркин-Тоо"

​Ант берүү аземинен кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн жаңы Өкмөт мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

[og_img]
[ad_1]

Кыргызстандын жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү  кечээ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берип кызматка киришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
 Ант берүү аземинен кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  өлкөнүн жаңы Өкмөт мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Мамлекет башчысы жаңы Өкмөттүн ишмердүүлүгү өткөөл мезгилге туура келгендигин, ага байланыштуу алардын алдында чоң жоопкерчилик тургандыгын белгиледи.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндүн биринчи кезектеги маселелерин чечүү үчүн ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгын баса белгиледи. Алардын ичинде Президент мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү жана негизсиз бюрократияны жок кылууну атады.
Ал Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, эксперттерди жана бизнес-коомчулукту тартуу менен мамлекеттик органдар менен административдик ведомстволордун функцияларын бөлүштүрүү жана бекитүүнү тездетүүгө көңүл бурду.
Мамлекет башчысы министрликтер жана ведомстволордун ортосунда функцияларды бөлүштүрүүдө алардын бирдиктүүлүгүн, толуктугун жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары, Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кийинки толкунуна даярдануу боюнча тийиштүү иштерди улантуу үчүн тез аранын ичинде жооптуу жетекчилерди аныктоо керектигин өзгөчө белгиледи.
Президент Өкмөттүн антикризистик программасын кыска мөөнөттө иштеп чыгуу, ишкерлерге жана инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.
Садыр Жапаров ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун, социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына болгон баалардын негизсиз өсүшүн алдын алуунун, ошондой эле мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруунун маанисине токтолду.
Мамлекет башчысы бүгүнтөн тартып Өкмөттүн ар бир мүчөсү ар бир тармак боюнча жакынкы жылдары жүргүзүлө турган реформалардын тизмесин даярдай башташы керектигин баса белгиледи.

[ad_2]

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!