"Эркин-Тоо"

1-апрелден тартып Кыргызстандын түштүгүндөгү «Өтүкчү» жана «Кайтпас» бекеттери ачылды

1-апрелден тартып Кыргызстандын түштүгүндөгү «Өтүкчү» жана «Кайтпас» бекеттери ачылды. Бул тууралуу 26-марттагы маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кабарлаган.
Эки өлкөнүн чек араларын тактоо боюнча өкмөттүк делегация 24-26-март күндөрү Ташкентте «Кайтпас» (Кыргызстан) жана «Риштан» (Өзбекстан), «Өтүкчү» (Кыргызстан) жана «Тул» (Өзбекстан) өткөрүү бекеттерин ачууга макулдашкан.
Бул бекеттерден жарандар, жеңил унаалар жана 20га жакын адам ташыган автобустар өтө алат. Жүк ташуучу унааларга уруксат берилбейт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!