1-класска кабыл алуу. Электрондук каттоонун экинчи этабы старт алат

31-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 205

2026–2027-окуу жылы үчүн 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы 1-июндан тартып башталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү тармагы маалымдады.

Маалыматка ылайык, экинчи этаптын алкагында ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге балдарын каттай алышат.

Балдарды каттоо үчүн ата-энелер 1mektep.edu.gov.kg порталына кирип, ата-эне же мыйзамдуу өкүл катары каттоодон өтүшү керек. Андан соң жеке кабинет аркылуу «Өтүнмө берүү» бөлүмүн тандап, мектепти жана окутуу тилин көрсөтүп, арызын ырастайт.

Белгилей кетсек, 2026–2027-окуу жылы үчүн 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.

Билим берүү мекемелери ата-энелерди каттоо мөөнөттөрүнө көңүл буруп, балдарын өз убагында каттоодон өткөрүүгө чакырат.

31-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 205
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X