1-ноябрдан баштап Бишкекте жол кире кымбаттайт

27-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 23

Бишкек шарында 1-ноябрдан тартып коомдук транспортто пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сомго көтөрүлө турган болду.

Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 08:00дөн кечки 21:00гө чейин кыймылдаткычтын көлөмү 3 миң кубметрден ашпаган кичи автобуста жүргүнчүнүн сүрөтү, аты-жөнүн көрсөтүү менен персоналдаштырылган транспорттук картасы бар пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, шаардык кеңештин чечими менен Бишкекте 1-ноябрдан тартып менчигинин түрүнө карабастан кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден жогору болгон троллейбус жана автобустарда жүрүүнүн акысы 11 сом, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден аз болгон маршруттук таксилерде жана автобустарда жүрүү 15 сомго кымбаттай тургандыгы айтылган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X