10 медициналык кызматкер жумуштан бошотулду. Эмне үчүн?
Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер практика борборунан 10 медициналык кызматкер жумуштан бошотулгандыгы тууралуу кабарды бул борбордун жетекчиси Илим Бейшеналиев тастыктады. 10 медициналык кызматкер ооруканада орун алган кыскартуулардын натыйжасында кызматынан кол жуушкан. «8-апрелден баштап Ат-Башы аймактык ооруканасы менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жоюлуп, жалпы дарыгерлер практика борбору деп уюштурулду. Биз мамлекеттик мекемелер мыйзам, токтомдордун негизинде иштейбиз. 2019-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан №5233 деген буйрук чыгыптыр. Ошого жараша нормативдер иштелип чыгып, штаттар кыскарышы керек экен. Андан бери ар кандай себептер менен кыскарбай келиптир. Кызматкерлер 2 жыл мурун бул иш болорун билишкен. Биздин күнөөбүз жок. Кыргызстан боюнча болуп жатат”,-деген Илим Бейшеналиев. Эскерте кетсек, район боюнча жалпы 30 штат кыскарган.