Эртең, 13-майда кээ бир райондордо жаан, бийик тоолордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Ал эми Бишкекте күндүз жаан жаайт, түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 3…9, күндүз 15…21;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус.
Бишкекте түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.