"Эркин-Тоо"

19-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

18-апрелде Кыргызстандын аймактарында аба ырайы туруксуз болот. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарда, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарыны айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

18-19-апрелде түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө үшүк жүрөт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Мындан тышкары, жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.

19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!