200 миң турист: Көчмөндөр оюндары экономикага $120 млн алып келет

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143

Бүгүн, 1-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган пресс-конференция өттү. Пресс-конференцияда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштурулушу, спорттук жана маданий программалары, катышуучу мамлекеттер, спортчулар жана чет өлкөлүк делегациялар үчүн түзүлгөн шарттар, ошондой эле Оюндардын эл аралык мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гүльзат Исаматова, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Каныбек Аширалиев, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Максутов катышты.

Спикерлер Оюндардын алкагында өтүп жаткан спорттук мелдештердин өзгөчөлүктөрүнө, спортчулар үчүн түзүлгөн шарттарга, чет мамлекеттерден келген делегациялардын катышуусуна жана иш-чараларды уюштуруу маселелерине токтолушту. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы тууралуу маалымат берилип, кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн жана көчмөн цивилизациясынын тарыхый-маданий мурасын дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанытууга багытталган иш-чаралар белгиленди.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү спорттук жана маданий программалар, катышуучу өлкөлөр, коопсуздук чаралары, көрүүчүлөр үчүн түзүлгөн шарттар жана уюштуруу маселелери боюнча суроолорун беришти. Тиешелүү жетекчилер журналисттердин суроолоруна жооп берип, Оюндарды өткөрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча кеңири түшүндүрмө беришти.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргыз Республикасында өтүүдө. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчуларды, чыгармачыл топторду, маданият өкүлдөрүн жана конокторду бириктирген Оюндар көчмөн элдердин спорттук, тарыхый жана маданий мурасын сактоого, жайылтууга жана элдердин ортосундагы маданий байланышты бекемдөөгө багытталган.

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X