32 балага Акжол, 13 ымыркайга Айсулуу, 14 кызга Мээрим аттуу ысымдар ыйгарылды

18-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 22

Бир апта аралыгында, тагыраагы 9-августтан 16-августка чейинки аралыкта Кыргызстанда 59 балага Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш, коло медалга ээ болгон спортчулар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманарованын ысымдары ыйгарылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Маалыматта өлкөдө жаңы төрөлгөн ымыркайлардын төрөлүшүн каттоого ылайык: 32 балага Акжол 13 ымыркайга Айсулуу 14 наристеге Мээрим аттуу ысымдар ыйгарылды,- деп айтылат.

18-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X