4 континент, 21 конкурсант: «Көчмөндөр жаңырыгы» башталды

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-ыр фестивалы өтүп жатат.

Фестивалга Европа, Азия, Америка жана Африкадан келген 21 конкурсант катышууда. Өнөрпоздор жалпысынан 42 чыгармачылык номерди тартуулашат.

Фестивалга Кыргызстан, Армения, Бразилия, Болгария, Казакстан, Латвия, Македония, Мексика, Молдова, Монголия, Россия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Испания, Түркия, АКШ жана Вьетнамдын өкүлдөрү катышууда.

«Көчмөндөр жаңырыгы» — Көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында уюштурулган эл аралык музыкалык сынак.

Фестиваль төрт күнгө созулуп, 4-сентябрда финалдык концерт менен жыйынтыкталат.

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X