41 килограммга арыктаган адам, ийгилик сырлары менен бөлүштү
Индиялык Фукран аттуу жигиттин аркытаганга чейинки салмагы 109 килограммды түзгөн. Ал жарым жылда 41 килограммга арыктаганга жетишкен.
20 жаштагы Фукрандын айтымында, анын салмагынын чоңдугу ага бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан. Өзгөчө өз курагындагылар аны ашкере мазактап, көңүлүн оорутуп коюшчу. Ошол себептен ал акыркы кезде үйүнөн чыкпай, депрессияга да батып кеткен.
Бир күнү Фукран өзүнүн жашоо образын толугу менен өзгөртүүнү чечет. Спортзалга жазылып, машыга баштайт, бирок ал тез татымдарды (фастфуд) жакшы көрүп жей бергени үчүн, арыктай албай, эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ал качан гана туура тамактанууга өтүп, өзүнө ыңгайлуу болгон диетага отурганда гана, ал алгачкы өзгөрүүлөрдү байкай баштаган. Фукран бир күндө кичинекей порциялар менен 6 жолу тамактанып, рационуна белок жана витаминдүү азыктарды кошкон.
Фукрандын айтымында, ал эртең менен турары менен бир стакан жылуу сууга, бир чай кашык алма уксусун кошуп ичип баштаган. Андан кийин 4 жумуртканын агын жеп, 200 грамм сүткө 30 грамм майдаланган сулууну кошуп тамактанат.
Түшкү тамактануу маалында, тооктун төш этин зайтун майы менен кошуп бышырып, гарнирге сууда бышкан күрөң күрүч менен жер-жемиш кошуп түштөнгөн. Кечки тамактануунун көлөмүн ал өтө азайтып, салат сыяктуу жеңил азыктарды тандаган. Негизги 3 маал тамактануунун аралыгында, ал жеңил салат, түрдүү жаңгактардан кичине кошулган быштак менен азыктанат.
Машыгуулардын алдында бир чөйчөк кара кофе ичип, арахис жаңгагынын майы сүйкөлгөн кичинекей бутерброд жана бир нече кесим дарбыз жеп турган. Жумасына бир жолу ал диетадан сырткары жакшы көргөн тамагын жегенге өзүнө уруксат берет.
Залда ал кардио-машыгуу менен баштап, акырындап оор көнүгүүлөргө өтөт. Ал эки жумада бир жолу салмагын өлчөп, кийинки жумага машыгуунун планын түзөт.
“Адамдын колунан келбеген эч нерсе жок. Эгер эркиңди күчтөсөң, албетте чоң ийгиликтерге жетесиң. Же өзгөрүү жолун тандайсың, же көнгөн адатың менен бардыгына көңүл кош мамиле жасап, максатсыз күндөрдү өткөрө бересиң. Эң негизгиси өзүңө ишенип, тартип жана эрк менен жашоодо ийгиликтерди багындыруу керек”,- дейт Фукран.