"Эркин-Тоо"

Джантаев Эльчибек Нуржадыевич

Джантаев Эльчибек НуржадыевичАйыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору

Кичи мекени: Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Советское айылы.

Туулган жылы: 1973 — жыл, 8 — сентябрь.

Билими: Жогорку.

2005 — 2011 — жылдары академик Ж.Алышбаев атындагы Ысык-Көл кооперация институтунан билим алып, “Бухгалтердик эсеп, Анализ жана аудит” кесибине ээ болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1993 — жылы Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя орто мектебинин чарба бөлүмүнүн башчысы;

2002 — 2003 — ж.ж. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн  экономист-статисти;

2003 — 2009 — ж.ж. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысы;

2009 — 2012 — ж.ж. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн  башчысы;

2013 — 2014 — ж.ж. Ак-Суу райондук жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кошмо жыйналышынын төрагасы;

2014 — 2018 — ж.ж. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;

2018 — 2020 — ж.ж. Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким;

2020 — ж. 2 9- июлунан баштап 30-октябрга КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары;

2020 — ж. 30 — октябрынан тартып Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү;

2021 — жылдын 11 — майынан баштап КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору.

Сыйлыктары:

КРнын Өкмөтүнүн, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын “Ардак грамоталары”;

КРнын муниципалдык кызматынын отличниги;

КРнын Өкмөтүнө курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин “Айлана чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери” төш белгиси;

“КРнын Улуттук статистика комитетинин “Статистиканын отличниги” төш белгиси;

“2018 — жылдын мыкты акими” наамы;

Муниципалдык кызматтын 1 — даражадагы кеңешчиси сыйлыктарын алган.

Үй-бүлөлүк абалы: Үй — бүлөлүү, төрт баланын атасы.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!