Ошто банкоматтарды талкалап акча уурдап жүргөн жарандар кармалды

30-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Ошто банкоматтарды талкалап, андан акча уурдап жүргөн эки жаран кармалды.ь Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү катары кармалган жарандар Ош шаарынын, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундорунда кылмыштуу иштерин жасашкан. Бүгүнкү күндө бул кылмыштуу шериктер өткөн жылдын январь, быйылкы жылдын февраль айына чейин эле 19 ирет ушундай кылмыш жасагандыгы аныкталды.
Шектүү катары кармалгандар Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну А. уулу Н. жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Ю.М. Экөө теӊ мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан.
«Бүгүнкү күндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан аталган уурулук фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөргө Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо чечими чыгып, алар Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда», — деп билдиришти шаардык милициядан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
30-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X