600дөн ашуун энергетик ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары учурунда күчөтүлгөн режимде иштеди
Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан маалда 600дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн режиминде иштеп, негизги объектилерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылды.
Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков тармактык компаниялардын, уюмдардын жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн жумушчу кеңешмеде билдирди.
Иш-чараларды энергетикалык жактан камсыздоого энергетикалык компаниялардын жетекчилери, министрликтин кызматкерлери жана тармактык уюмдардын адистери тартылды. Алар объектилердеги кырдаалды жеринде көзөмөлдөп, көчмө жумушчу топтор аркылуу иштерди ыкчам координациялашты.
Министр энергетиктерге эки ири эл аралык иш-чараны ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуудагы жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга жөндөмдүү экенибизди көрсөттүк», — деди Рысбеков.
Министр ошондой эле 11–12-сентябрда Талас облусунда өтө турган Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга даярдыкты күчөтүүнү тапшырды. Бул күндөрү энергетикалык инфраструктура объектилеринин үзгүлтүксүз иштеши камсыздалышы керек.
Кеңешмеде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси да көтөрүлдү. Тармактык уюмдардын жетекчилерине оңдоо, реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, энергетикалык объектилерди сапаттуу даярдоо тапшырылды.