Ногон Шумаров: «Манастын атасы Жакып жашаган Алтайдан келдим»
Илгери кайчылар Алтайда маанилүү роль ойноп, коом менен байыркы замандын эпикалык каармандарынын ортосундагы байланыштыруучу катары кызмат кылышкан. Ногон Шумаров Алтай элдеринин маданиятын сактоого активдүү салым кошуп келет. Ал салттуу музыкага арналган ар кандай фестивалдардын уюштуруучусу.
Алтайдан Кыргызстанга гастролдук сапар менен келген театрдын өкүлү Ногон Шумаров кыргыз-алтай маданий байланыштарынын маанилүүлүгүн белгиледи.
«Мен Алтайдан келдим. Манастын атасы Жакып туулган, Манастын атасы жердеген жерден келдим. Биз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын алтай тилинде сахналаштырып келебиз. Анын чыгармалары бизге абдан жакын. Алтай эли да Айтматовдун чыгармаларын жакшы көрүп, таанып-билип келет. Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын алтай тилине которуп, сахнага коюп келем. Биздин репертуарыбызда жазуучунун “Жамийла”, “Кылым карытар бир күн”, “Кош, Гүлсары!”, “Ак кеме” жана башка чыгармаларынын негизинде даярдалган спектаклдер бар», — деди ал.
Шумаров ошондой эле Чыңгыз Айтматов менен Москвада жолукканын эскерди. «Мен Чыңгыз Айтматов менен Москвада жолугуп, сүйлөшкөм. Ошондо ага биздин театрда анын чыгармалары боюнча спектаклдер коюлуп жатканын айткам.
Алтайда Айтматовдун чыгармаларын сахнага чыгаруу биз үчүн чоң сыймык», — деди ал. Шумаров Айтматовдун «Тоолор кулаганда» чыгармасы жарык көргөн китебине жазуучу өз колу менен автограф жазып бергенин да эскерди.
Анын белгилешинче, Алтай менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштар мындан ары да уланышы керек. «Кыргыз элине, жерине тынчтык, бакубат жашоо каалайм. Элдин ынтымагы бекем болсун. Жаштар көп болуп, балдардын күлкүсү жаңырып турсун. Кыргызстанда ар дайым береке болсун», — деген каалоосун билдирди ал.